Бүгүн, 14-майда "Манас" эл аралык аэропорту "Авиа Траффик" авиакомпаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 147 Кыргыз жараны өлкөгө кайтарылды. "Өкмөт бардык мекендештерибизди өлкөгө кайтаруу үчүн толук аракеттерди көрүүдө", - деп жазылат маалыматта.