"Diamond Princess" аттуу япониялык круиздик лайнеринде коронавирус жуктуруп алган деген Кыргыз жаранынын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда Кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алды деген маалымат анын каютадагы кошунасынан коронавирус табылганына байланыштуу экендиги белгиленет. Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы элчилиги круиздик лайнердеги Кыргыз жараны менен 6-февралдан бери байланышта болуп турганы айтылат.
"Япониянын компетенттүү органдарынын берген маалыматына ылайык, Кыргыз жаранынын абалы канааттандырарлык. Дене табы жок, дары-дармектер менен дарылоо жүргүзүлгөн жок. Бейтап атайын көзөмөлгө алынды. Кыргыз жаранынын айтуусунда, ал өзүн жакшы сезип жатат. Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы элчилиги ал жактын Тышкы иштер министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланышты туруктуу жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Кыргыз жараны тууралуу кошумча маалыматтар такталууда.
Ошондой эле, Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы элчилигине Кыргыз өлкөсүнө эвакуациялоо тууралуу кайрылуулар болгон эмес. Элчилик "Diamond Princess" круиздик лайнериндеги Кыргыз жараны менен дайыма байланышта болуп турат, күнү-түнү Япониядагы Кыргыз жарандарына элчиликтин кызматкерлери укуктук-консультациялык жардам берип жатышканы кошумчаланды.
Буга чейин дүйнөгө жайылып жаткан коронавирустун айынан 14 күндүк карантинде турган "Diamond Princess" круиздик лайнеринде коронавирус жуктургандардын арасында Кыргыз жараны бар экендиги аныкталды деген маалымат тараган.