Бишкекте 11 стационар коронавирус инфекциясы менен жабыркагандарды кабыл алууну баштады

Борбор калаада коронавирустук инфекция менен ооругандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу мурда даярдалган кошумча орундар кабыл алуу үчүн ишке киргизилди. Бүгүнкү күндө Бишкектеги 11 оорукана бейтаптарды кабыл алууну жүргүзүүдө. Алар:

Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана - 100;
Кыргыз-Түрк достук ооруканасы - 70;
№1 шаардык клиникалык оорукана - 92;
Улуттук госпитал - 80;
Улуттук фтизиатрия борбору - 38;
Улуттук эне жана баланы коргоо борбору - 30;
Улуттук онкология жана гематология борбору - 10;
Улуттук хирургиялык борбор - 15;
Улуттук кардиология жана терапия борбору - 50;
Темир жол ооруканасы - 56;
№2 клиникалык төрөт үйү – 20.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, жалпысынан 561 орун ишке киргизилди.

"Сиздерге ыңгайлуу болушу үчүн ооруканалардын картасы иштелип чыккан. Анда COVID-19 менен ооругандарды кабыл алган республикадагы ооруканалар (даректери жана байланыштары, бош орундардын саны, медициналык кызматкерлердин саны, ИВЛ аппараттардын саны) жөнүндө актуалдуу маалыматтарды бул жактан map.covid.kg`ден таба аласыз".
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан