Депутат Каныбек Иманалиев ЕАЭБдин банкынан, фондунан да пайда болбогонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-майда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.
"Биз ЕАЭБдин курамына эмнеге кирдик? Мамлекетке, элге жардам берели деп өттүк да. Кризис учурунда БУУ, Эл аралык валюталар фонду, Азия өнүктүрүү банкы жардам берип жатат. Бир тууган ЕАЭБ жардам бере албай койду. Ошон үчүн ЕАЭБ боюнча мыйзамын алып келгенде ойлонуп алып келсеңиздер туура болмок. Кыргызга ким бир тууган экени кыйынчылыкта билинет. Биз эл аралык чогулуштарда бүт позициясын колдоп жүргөн өлкөлөр бизге газды 5 эсе кымбат сатып жатат. ЕАЭБ боюнча ойлонушубуз керек. Быйыл ЕАЭБге киргенибизге 5 жыл болду. ЕАЭБдин банкынан, фондунан да пайда жок. Кыргыздын товары өтүп баратса, биринчи тоскон ЕАЭБдин өкүлү, Кытайга киргенде эч ким тоспойт", - деди Иманалиев
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргыз өлкөсү Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан жардам сурап кайрылганын айтты. Газ боюнча дагы маселе көтөрүлгөнүн билдирди.