Бир суткада 1 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалпысынан республика боюнча 6 миң 907 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталган. Алардын ичинен бир суткада стационардан 1 медицина кызматкери айыгып чыкты. Үй карантинден – 1 медицина кызматкери айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча 6 миң 863 медицина кызматкери айыкты.