2020-жылдын 5-майында COVID-19 инфекциясы диагнозу менен ооруканага коомдук ишмер, Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев түшкөн. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бейтапты дарылоо оор өтүүдө.
"Анын ден соолугунун начарлашына байланыштуу, 12-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында жатат, абалы оор деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.
Экс-спикер илдетти кандайча жуктуруп алганы тууралуу маалымат азырынча белгисиз.
Мукар Чолпонбаев 70 жашта. Жогорку Кеңештин төрагасы, юстиция министри кызматын аркалап, бир канча чакырылыштагы депутат болуп шайланган.