100 жашка чыккан англиялык ардагер медицина кызматкерлерине 37 миллион доллар чогултту

Коронавирус менен күрөшүү үчүн медицина кызматкерлерине жардам катары кайрымдуулуктун өзгөчө жолун таап, 30 миллион фунт стерлинг (37 миллион доллар) чогулткан англиялык ардагер 100 жаш юбилейин белгиледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Том Мурдун 30-апрель 100 жылдык юбилейине 125 миң куттуктоо кагазы келген. Андан тышкары ага ардактуу полковник наамы ыйгарылып, юбилейинин урматына эки аскер учагы салтанаттуу түрдө ардагердин үйүнүн үстүнөн учуп өткөн. Ардагер мурун жоготуп алган "Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы коргоо үчүн" деген медалынын ордуна жаңыртылган медаль тапшырышкан.

Буга чейин 99 жаштагы Англиянын ардагери үйүнүн короосунда айланып, медицина кызматкерлерине 6 миллион фунт стерлинг (600 миллион сомго чукул) чогултканы жазылган. Ал 100 жылдык юбилейине чейин 1000 фунт стерлинг чогултсам, медицина кызматкерлерине жардамга жумшамакмын деп айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akmanai
2020-05-01 12:39:33
Эли кандай жакшы. Баалаганды урматтаганды билишет!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан