Казакстанда 118 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ак-Төбө облусунда 29, Костанай облусунда 4, Караганда облусунда 8, Атырау облусунда 17, Акмола облусунда 4, Батыш-Казакстан облусунда 7, Магнитау облусунда 3, Нур-Султан шаарында 25, Чимкент шаарында 5, Чыгыш-Казакстан облусунда 1, Жамбыл облусунда 2, Алматы шаарында 11, Алматы облусунда 1, Кызыл-Ордо облусунда 1 адам коронавирус жуктуруп алышты.
Муну менен Казакстанда жалпы 5 миң 689 адамдан коронавирус аныкталды.