Чет өлкөдөн дагы 170 Кыргыз жараны Бишкекке келди

Бишкекке Якутиядан Кыргыз өлкөсүнүн 170 жараны келди. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан жана республикалык штабдан кабарлашты.

"Якутия-Бишкек багыты боюнча чартердик каттам "Манас" аэропортуна конду. Жүргүнчүлөрдүн тизмесине Якутиянын жогорку окуу жайларында окуп жаткан студенттер, кош бойлуу аялдар, балдар, ошондой эле оор илдеттери бар, мекенине кайтууга муктаж болгон адамдар киргизилген. Бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан