Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 3 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек шаарында – 1;
Ош шаарында – 1;
Жалал-Абад облусунда – 1.
Ал эми бир суткада 2 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 8 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында – 3 миң 38 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 352 медкызматкер айыкты.