"Манас" эл аралык аэропорту 15-майда "Тез Жет" авиакомпаниясынын Санкт-Петербург-Бишкек чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган каттам менен 156 жаран келген. Алар тийиштүү текшерүүлөрдөн өтүп, коронавируска тест тапшырышты.