"Пневмониядан каза болгондорду кадимкидей эле сөөгүн жууп, тажия өткөрүп, жерге берүүгө болбойт". Дарыгер "абайлагыла" деп коңгуроо кагат

"Пневмониядан каза болгондорду кадимкидей эле сөөгүн жууп, тажия өткөрүп, жерге берүүгө болбойт". Гульмира Биялиева аттуу дарыгер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "абайлагыла" деп коңгуроо кагат.

"Биздин өлкөдөгү алгоритмге ылайык, ПЦР-тестинен коронавирус илдети жок болуп чыгып, пневмониядан каза болгондордун сөөгүн туугандарына кадыреседей эле өткөрүп берип жатышат. Туугандары да андан ары кадыреседей эле мамиле кылып, сөөктү жууп, боз үйдө 2-3 күн кармап, бул аралыкта маркумдун тажиясына көп сандагы адамдар келип жатат.

Пандемия учурунда бардык пневмония коронавирустан улам козголот. Азыркы тапта башка пневмония жок. Мейли, ПЦР-тесттен коронавирус жок болуп чыксын. Себеби ПЦР-тест үчүн мазокту көбүнесе мурундан алышууда, бирок вирус ылдыйга, өпкөгө түшүп кетип, мындай учурда мазоктон коронавирус аныкталбай калып жатат.

Ошондуктан пневмониядан каза болгон адам коронавирус жуктуруу коркунучуна ээ.

Баарыңыздар алгоритмдерди өзгөрткүчө сак болуңуздар. Кокусунан жогорудагыдай окуяга туш болуп калсаңыз, өлүкканадан бардык коопсуздук чараларын көрүүнү сураныңыздар. Алар кандай чаралар керек экенин билишет", - деп жазган дарыгер.


Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүнкү күнгө дейре учурда курч жүрүп жаткан пневмония тууралуу элге кенен маалымат бере элек.

Бүгүн, 4-июлга карата өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 78 киши, ал эми пневмониядан көз жумгандардын саны 151 адамды түзөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nurbany
2020-07-04 23:00:13
Туура
+3
nazi25
2020-07-04 23:34:10
Ошол үчүн экөөн бир эле эсептей бергиле да.Элди адаштырбай.
+3
Bayjigit83
2020-07-04 23:50:06
nazi25,туура айтасын.
+4
Agayu
2020-07-05 00:25:17
Бул оору согуш сыяктуу болтат го , бир жэрде оор болуп , анан басаңдап башка областка өтүп , ал жэрде күчөйүп .Теги буну чачышпайтабы?Билгенден билбегенбиз көп дегендей болтат го.
+4
gitaris93
2020-07-05 02:38:00
Agayu,сенин ой жүгүртүүң төмөн экен комментарийлериңден байкадым, китепти көп көп окушуң керек деп кеңеш берер элем сага.
-1
natasha00
2020-07-05 07:10:18
gitaris93,Туура, бизде сабатсыздар коп,орустарды коруп тан каласын ушунчалык мээсин,акылын жакшы иштетип суйлойт. Жана адамгерчилиги да жогору! Этика эстетика, коомдо кантип суйлоо, озун алып журуу ото жогору орустарга баа берём. Кыргызстанда ушул тууралуу да сабак отулсо жакшы болот эле.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан