Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Орусиядагы COVID-19га каршы иштелип чыккан вакцинага кызыкдар экендигин билдиришти

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы Орусияда иштелип чыккан вакцинага кызыкдар экендигин билдиришти. Бул жөнүндө аталган уюмдун башкы илимий кызматкери Сумия Сваминатан билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Эксперттин айтымында уюм Орусиядагы коронавирусту дарылоодо авифавир дарысынын сыноолорунан кабардар жана алардын натыйжаларын күтөт. "Биз авифавир препаратын сыноо үчүн колдонулуп жатканын билебиз. Дары эки-үч жолу сыноодон өтөт ошондуктан натыйжаларды күтүп жатабыз. Бирок мындан сырткары Орусиядагы вакцинага кызыкдарбыз", - деп билдирген Сумия Сваминатан.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун вакцинаны иштеп чыгуучулар үчүн тилектештик тесттери бар экендигин белгилеп, орус окумуштуулары кызматташууга макул болушат деген үмүтүн билдиришкен. Тилектеш өлкөлөрдүн катарында АКШ, Улуу Британия, Кытай жана Франция бар. Ал эми Орусия бул тилектештикте жок экендиги белгиленген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2020-07-06 12:33:07
Эртерек жакшы жыйынтык чыгып бизге дагы жетсе экен
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан