Дагестанда коронавирустан 40 медицина кызматкери көз жумду

Дагестанда коронавирус инфекциясынан 40тан ашуун медицина кызматкери көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри билдирген.

Маалыматка ылайык, вирус менен күрөшүп жаткан медициналык кызматкерлерге 670 миң рулбдан 2 миллион рублга чейин акча төлөнүп берилип жатат.

"40тан ашуун кесиптешибиз каза болду. Бул чоң трагедия. Мен вирустан каза болгон жөнөкөй жарандар менен кесиптештеримди бөлбөйм", - деп билдирген министр.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Дагестанда жалпы 3 миң 280 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын ичинен 27 бейтап каза болгон. Ал эми ооруканадан сырткаркы пневмония менен 13 миң адам катталган, алардын ичинен 657 жаран каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан