Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары коронавирусту жуктуруп алгандыгы айтылды. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, министрдин орун басары Ираж Харирчи медициналык тест тапшырып, жыйынтыгында коронавирустун белгилери аныкталган.
Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалыматты ырастап, коронавирус жуктуруп алган кызматкер карантинде экенин маалымдашкан.
Акыркы алынган малыматтарга ылайык, Иранда жалпысынан 95 адам коронавирус менен жабыркап, 10дон ашуун жарандын абалы оор экендиги айтылууда. Ошондой эле бул вирустан 15 адам көз жумган.