Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда мечиттен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-майда саат 18:07 чамасында Торкен айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы Кабылбек көчөсүндө жыгач устундуу тунуке жабылган мечиттин 4 чарчы метр чатыры күйүп кеткен. Өрттүн себеби такталууда.