Бүгүн, 18-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болуп өттү.
Бүгүнкү соттук отурумга айыпталуучу Алмазбек Атамбаев алып келинген жок. Ден соолугуна байланыштуу Атамбаев соттук отурумду анын катышуусуз өткөрүү жөнүндө арыз жазып берген.
Андан сырткары айыпталуучу Мискенбаевдин жактоочулары Рамазанова жана Бараков келген жок. Сот тарабынан айыпталуучуларга карата тандалган бөгөт коюу чарасы соттук териштирүү мөөнөтүнө карап узартылды. Андан соң айыпталуучу Алмазбек Атамбаевдин жана жактоочулар келбегендигине байланыштуу соттук териштирүү 25-май күнү саат 10:00гө жылдырылды.
Буга чейин, 25-февралда Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинен өтүп жаткандарга айып актыларын тапшырганын жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 491 беттен турган айыптоо корутундусун бекиткенин КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева айтып чыккан.