Бишкек шаарындагы Ленин районуна караштуу "Кара-Суу" чайханасы карантиндик талапты бузуп, ифтар кылуу үчүн кардарларды кабыл алып жаткан. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
ӨКМнын, Санитардык-эпидемиологиялык кызматынын, райондук ички иштер башкармалыгынын жана акимиаттын кызматкерлеринен түзүлгөн мобилдүү топ аталган чайханага текшерүү үчүн барганда, анын бардык кабинкалары бош эмес экенин көрүшкөн.
"Персонал толук курамда иштеп жаткан. Кафенин ээси А.Конгантиева мындай көрүнүштү өздөрүнүн адамдарына ооз ачуу уюштуруп жатканы менен түшүндүргөн. "Кара-Суу" чайханасынын ээсине карата протокол түзүлүп, айып салынды", - деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, санитардык жана карантиндик эрежелердин талаптарын бузгандарга экинчи категориядагы айып салынат. Ага ылайык, жеке жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу каралган.