Өзбекстанда коронавирус менен жабыркагандардын саны 6га жетти

Бүгүн, 16-мартка карата Өзбекстанда коронавирус менен жабыркаган дагы 2 факты катталды. Жабыркагандардын бири ымыркай экенин чет элдик басылмалар аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
15-март күнү алгач Франциядан келген аял коронавирус жуктурганы аныкталган. Андан көп өтпөй Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы 3 адамдан вирус табылганын билдирген. Алар Франциядан келген аялдын кызы менен баласы жана 15-март күнү Стамбулдан учуп келген Өзбек жараны болгон.
Учурда Өзбекстанда 6 адам коронавирус менен жабыркап жатат.
Өзбекстанда 6 адам коронавирус менен жабыркап жатат
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан