Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдетинен сакайып үйлөрүнө чыгарылгандардын саны 122 болду.
Бишкек шаары – 61;
Ош шаары – 18;
Чүй облусу – 21;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу – 4.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус илдети 2020-жылдын март айында катталып, андан бери 200 миң 458 адам жабыркады. Анын ичинен 194 миң 918и айыкты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, бүгүнкү күнгө карата ооруканада дагы 192 бейтап дарылануусун улантууда.