Кипр мамлекети 15-июндан тартып туристтерди кабыл ала баштайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн туризм министри билдирет деп жазышат чет элдик басылмалар.
Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүүлөр коронавирус пандемиясынын шарттарындагы бардык талаптарга жооп берет. Коопсуздукту камсыз кылуу менен иштөө туризмдин 30 пайызын кайра калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн министр билдирген деп айтылат маалыматта.