Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Кытайдан келген кош бойлуу студент Ухан шаарында жашаган эмес"

Бүгүн, 17-февралда депутат Аида Исмаилова Ухан шаарынан келген кош бойлуу студент Бишкектеги №4 төрөт үйүнө жаткырылганын айткан. Буга карата Саламаттыкты сактоо министрлиги төмөнкүчө маалымат таратты.

"Кытайдагы университеттердин биринде окуган Кыргыз жараны 16-февралда Москва-Бишкек каттамы менен учуп келген. Ага бардык тийиштүү процедуралар жасалып, Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына жөнөтүлгөн. Студент кыз Ухан шаарында болгон эмес, ал Ляонин провинциясында жашаган. Аталган Кыргыз жараны 24 жаштагы Ш.З. аттуу студент кыз, ал 32 апталык кош бойлуу. Бишкекке келери менен коронавирус жана сасык тумоо боюнча анализ тапшырып, жыйынтыктары таза чыкты. Саат 20:40 чамасында кыздын ичи ооруй баштаганына байланыштуу дарыгерлер чакыртылган. Дарыгерлер консилиум өткөрүшүп, студент кызды №4 төрөт үйүнө жөнөтүшкөн. Атайын палатага жаткырылып, учурда абалы туруктуу. Кош бойлуу студент узак убакыт учакта учкандыктан кыйналып калган. Ал Бишкекке эки күн дегенде гана келген", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Muslim_KGstana.
2020-02-18 00:37:37
30 кундук карантин киргизуу керек Бишкекке дагы
+3
Nurik1988
2020-02-18 03:14:30
Эээ ХХХХ жабып тургула границаны бул вирус токтомойунча олуп баратсанарда
+8
XAN-TORO
2020-02-18 11:12:07
Nurik1988,кытайдан туз эмес Москва аркылуу келген деп жазылып турат
-2
pero5184
2020-02-18 14:37:08
Өтө этият болуу керек го
0
Nestana95
2020-02-18 19:29:36
Буга чейин Ухань шаарында деп аткан го,,,,,биздикилер иштебейт ,иши кылып олбостун жашоосу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан