Орусияда биринчи жолу коронавирустун омикрон штаммы катталды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар расмий маалыматтарга таянуу менен жазып чыгышты.
"Обсервациядагы эки бейтаптын ПЦР-тестинен оң натыйжалар чыгып, изилдөөлөрдө бул омикрон штаммы экенин аныкталды. Ошондой эле коронавирустун жаңы штаммынан коргону үчүн зарыл богон чаралар көрүлөт", - деп жазылат маалыматта.
Маалымат үчүн:
COVID-19дун жаңы омикрон штаммын жуктургандардын арасында өлүмгө учураган бир дагы учур каттала элек.
Дүйнөгө тездик менен жайылып жаткан коронавирустун омикрон штаммы боюнча кабарлардын топтому.