"Что? Где? Когда?" интеллектуалдык оюнунда тапкычтарды уткан Рысбек Курманов: "Берүүгө суроосунун чыгуусун 24 жыл күткөндөр бар. Мен көпкө күткөн жокмун" (маек)

17-май күнү Орусиянын Биринчи каналынан "Что? Где? Когда?" телеберүүсүндө Кыргыз жигити суроо узатып, команданы утуп, жеңишке жетишкени тууралуу жазылган. SUPER.KG порталы белгилүү интеллектуалдык оюнда кыргыздын атын чыгарган Рысбек Курманов менен баарлашып, оюн тууралуу, анын ийгилик сыры тууралуу маек курду.
- Саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз. Учурда кайсы тармакта эмгектенесиз?
- Саламатчылык! Мен 2007-жылдан тартып эл аралык билим берүү мекемелеринде, маалымат технология чөйрөсүндө эмгектенип келем. Ага чейин көптөгөн эл аралык долбоорлордо иштеп келгем. Мен Фрунзе шаарында төрөлгөм. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде инженер-системтехник кесибине окудум. Учурда 43 жаштамын, үй-бүлөлүүмүн, бир кыз, бир уулум бар.
- Сиздин орусиялык "Что? Где? Когда?" интеллектуалдык оюнга катышып, 80 миң рубль утуп алганыңызды көрдүк. Ошол оюн тууралуу айтып берсеңиз.
- Оюндун негизги принциби - белгилүү нерсе жөнүндөгү белгисиз нерсе! Телекөрүүчүлөр 6 тапкычтан (оюнчу) турган командага логикалык, кызыктуу, кээде таң калычтуу суроолорду беришет. Телекөрүүчүлөр бири-бирин тааныбагандыктан алардын командасы шарттуу түзүлөт. Оюн 6 упайга чейин жүрөт. Оюн учурунда тапкычтар командасы эсептен утулса, залдагы көрүүчүлөрдөн жардам сураса же кредитке бир мүнөт алса болот. Ал эми телекөрүүчүнүн суроосуна тапкычтар туура жооп бере албаса, суроо узаткан адам акчалай сыйлык алат. Суроо кайсы раундга туура келгенине карата акчалай сыйлык 50 миң рублдан 100 миң рублга чейин болот. Рейтингге ылайык, оюнга тапкычтардан турган 9 команда катышат. Командалардын сезондо катышуу катарын рейтинг аныктайт. Ал эми рейтингдеги орундар мурунку сезондогу жеңиш же утулганына карап түзүлөт. Ар бир сезон жазгы, жайкы, күзгү, кышкы сериядан турат. Ар серияда 5 оюн болот. Эгер тапкычтар командасы сезондо эки оюндан утулуп калса, кийинкисине катыша албай четтетилет.
Интеллектуалдык оюндун болуп жатканына көп болду, быйыл, 4-сентябрда "Что? Где? Когда?" оюну 45 жылдык юбилейин белгилейт. Юбилейлик сезондук кызыктуу жери, финалдык оюнда тапкычтар жеңишке жетишсе, өзгөчө белек - "Хрусталь уя" («Хрустальное гнездо») жана 6 "Хрусталь үкү" («Хрустальная сова») берилет.
- Буга чейин деле аталган оюнга катышып, жеңишке жетишип келгениңизди билдик...
- Азыркы маалда оюндан менин 6 суроом жаңырды. Анын 3 жолкусунда жеңишке жетишкем. Тапкычтар менен жеке эсебим азырынча 3:3. Албетте, менин жаңы жеңиштерим дагы алдыда деп ишенем!
- Оюндун популярдуулугун эске алганда ага суроо узаткандар да көп болушу керек? Суроо бергендерди кандай жол менен тандашат?
- Туура айтасыз. Бул оюнга катышуучулардын саны аябай көп. "Что? Где? Когда?" программасынын аудиториясы абдан кеңири. Көрүүчүлөрдөн шарттуу команда жөнөтүлгөн суроолоруна жараша тандалат. Суроолор абдан көп болгондуктан, каттарды иргөө үчүн атайын адамдар иштейт. Андан ары суроолорду уникалдуулук, образдуулук, өзгөчө маалымат критерийлерине карап иргеп алышат. Андан тандалып алган суроолордун арасынан келерки оюнга карата тематикалык пакет түзүлөт. Ушул жерден бир нерсеге токтолуп кетейин, балким, айрымдардын иллюзиясын жокко чыгарышым мүмкүн, суроолорду кароого көптөгөн жылдар кетет. Эки "хрусталь үкү" сыйлыгынын ээси, китепканачы Светлана Сумачакова биринчи суроосунун эфирден жаңырышын 24 жыл күткөн! Айрымдар ушинтип жылдап күтөт, айрымдар жарым жыл гана күтүшү мүмкүн. Менин акыркы суроом 4 айда эфирге чыкты. Суроолордун тагдыры ушундай.
«Что? Где? Когда?» бул акча табуунун жолу эмес, бул интеллектуалдык оюн! Оюнга суроону даярдоону мен карикатурачынын ишине окшотом. Мисалы, сиз сүрөтчү катары адамды минималдык стилде башын бир аз кыйшайтып, маңдайын өзгөчө кылып, араң байкалган көздөрү, чоң мурду, кичинекей оозун тарттыңыз дейли. Ал ишиңизди көрүп көпчүлүк белгилүү бир адамды таанышы мүмкүн. Сиз айрым бөлүктөрүнө басым жасап, чебердик менен акырын "намёк" кылып койдуңуз. Ал эми кээ бирлер кыялында аны дагы толуктап тартышы мүмкүн. Сүрөттөн автор катары сиз, телекөрүүчүлөр жана тапкычтар эстетикалык ырахат алышат. Ал эми акча болгону жагымдуу толуктоо.
- Сиз качантан баштап "Что? Где? Когда?" берүүсүнө кызыгып, катышып келесиз? Программанын өкүлдөрү сизди таанып деле калышса керек?
- Бул менин балалык кезимдеги оюн. Биздин үй-бүлөбүздүн сүйүктүү берүүсү. Мен көптөн бери суроо жөнөткүм келип жүргөн. Бирок ал тилегим 2016-жылы январда гана ишке ашты. Алгачкы суроом 2016-жылы 2-октябрда берилди. Андыктан мен көпкө күткөн жокмун. Ал суроо ак куу жөнүндө болчу. Испаниялык жазуучу Рамон Гомес де ла Серна эмнени периште менен жыландан жаралган деп атаган?" деген суроо болчу. Сөзүңүзгө кошулам, алар мени таанып калышкан.
- Суроолорду кандай негизде тандайсыз?
- Мен өзгөчө деле суроо издебейм. Көпчүлүк балык улоо, аңчылык же ар кандай маркаларды, открыткаларды коллекциялаганды жактыргандай эле аталган оюн менин хоббим. Китептерди, журналдарды, ар кандай илимий, изилдөө иштерин окуйм. Эгер кызыктуу нерсе таап калсам, ошого суроо түзгөнгө аракет кылам. Чынында, маалымат аябай көп. Бирок баарынан эле кызыктуу суроо жарала бербейт.
- Социалдык баракчаңызда жалаң китептерди киргизет экенсиз. Кандай жанрдагы чыгармаларды окуйсуз? Акыркы жылдары китептин ордун интернет ээлеп, көпчүлүк китепти мурункудай окубай, баалабай калды. Бул тууралуу кандай пикириңиз бар?
- Мага көркөм адабият жагат. Ошондой эле автобиографиялык романдарды жакшы көрөм. Мен окуган китептердин тизмеси көп. Баракчама аз гана бөлүгү жүктөлгөн. Сиздин пикириңизге кошулбайм. Анткени биздин шаарда китеп дүкөндөрү аябай көп. Эгер окурмандар аз болсо, алар чыгашага иштемек эмес. Бизде ар дайым китеп жарманкелери өтүп турат. Жарманкелерге адамдар ушунчалык көп келгендиктен, кээде түртүлүшүп араң киресиң. Албетте, жалпы алганда сиз айткандай маселе бар, бирок китептин окурмандары жетиштүү. Кандай болгон күндө да бул ар кимдин тандоосу. Испаниялык жазуучу Артуро Перес-Реверте жазгандай, китептер - бул сени 4 дубалдан алып чыккан эшиктер. Көпчүлүк азыр материалдык байлыкка жетүү үчүн жан талашып калды. Бул жагынан алганда жогорку цитата абдан актуалдуу.
- Маегиңизге рахмат! Кыргыз өлкөбүздү жакшы жактан таанытып келатканыңыз үчүн ыраазычылык!
- Каалооңуз үчүн рахмат! Сиздерге да чыгармачылык ийгилик каалайм!

кошулду
"Что? Где? Когда?" инттелектуалдук оюнунда тапкычтарды жеңип, утушка жетишкен Кыргыз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aimani
2020-05-20 19:20:03
Азамат! Өтө күчтүү знатоктор ойноптур. У них даже вариантов не было.
+5
aida007
2020-05-23 09:32:22
Азамат!!!!!
0
gulia90
2020-05-23 18:02:51
Крассавчик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан