Санитардык нормаларды аткарбаган ишкерлерге жарым миллиондон ашык сомго протокол түзүлдү

Бишкекте ӨКМнын, санитардык-эпидемиологиялык кызматынын, райондук ички иштер башкармалыгынын жана акимиаттын кызматкерлеринен түзүлгөн мобилдүү топ тарабынан 4 миңден ашуун ишмердүүлүктөр текшерилип, анда санитардык норманын талаптарын аткарбагандарга протокол түзүлдү. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, сегиз күндүн ичинде 212 протокол түзүлгөнү айтылат. Анын негизинде салынган айыптын жалпы суммасы 467 миң сом болгон.

Биринчи Май району боюнча жалпы суммасы 67 миң сом болгон 27 протокол түзүлгөн;
Ленин районунда – 102 миң сомго 42 протокол түзүлгөн;
Свердлов районунда – 125 миң сомго 33 протокол түзүлдү;
Октябрь районунда – 70 миң сомго 28 протокол түзүлгөн.

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан 103 миң сомго 82 протокол түзүлгөн. Мындан тышкары мэриянын экологиялык инспекциясы тарабынан 188 миң сомго 46 протокол түзүлгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kuba.kq8705
2020-05-20 13:01:25
Элге, ишкерлерге жардам бергендин ордуна кыйнап жатканго булар штраф салып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан