Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 135 миллион 181 миң 236 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 76 миллион 795 миң 134 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 926 миң 756 адам илдеттен каза болду. Мындай статистикалык маалымат бүгүн, 11-апрелге карата алынды.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 31 миллион 149 миң 565 болду. 561 миң 780 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.
Ал эми Бразилия өлкөсү экинчи орунда. Бразилияда 13 миллион 445 миң 6 адам вируска кабылган. 351 миң 334 бейтап көз жумса, 11 миллион 739 миң 649 бейтап оорудан сакайды.
Үчүнчү орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 13 миллион 205 миң 926 адамдан аныкталды. 168 миң 436 адам каза болсо, 11 миллион 990 миң 859 бейтап айыкты.