Коменданттык саатты бузуп кармалгандардын дээрлик көбү мас абалындагы жарандар экени аныкталган жана он күндөн бери Ноокат районунда мыйзам бузуу боло элек. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов маалымат жыйын учурунда айтты.
"Кармалгандарды аймак-аймакка бөлүп жатабыз. Мисалы, Кара-Суу районунда бир жаран автоунаасы менен мас абалында үйүнөн чыгып кеткен. Анын себебин сурасак, "биринчи айылдан экинчи айылга жетип алайын дегем" деп түшүндүрдү. Ал эми Ош шаарында деле ушундай учур катталып жатат. Бул албетте, мыйзамды сыйлабагандык.
Көп кабаттуу үйлөрдүн ичинен кээ бир адамдарды алып чыгууга туура келүүдө. Алар топтолуп жомогун айтып жаткан учурлар болууда. Бул жерде ойноонун кереги жок, жарандарга абалга жоопкерчиликтүү карагыла деп айткым келет. Ал эми мыйзам бузуу Ноокат районунда он күндөн бери каттала элек", - деди комендант.