Балдар ойноп жатып чоң атасынын үйүнөн 2 килограмм алтын таап алышкан

Францияда карантин маалында чоң атасынын үйүнө келген неберелери ойноп жатып, 100 миң еврого бааланган 2 килограмм алтын куйманы таап алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Орточо 10 жаш курактагы балдар шейшептерден үй куруп ойнойбуз дешкенде чоң атасы неберелерине чоң энесинин колдонулбай калган шейшебин алып берген. Балдар ойноп жатып шейшептин арасынан оор нерсени таап алышкан. Бирок ага маани бербей ордуна коюшуп, бир нече сааттан кийин гана атасына айтышкан. Атасы каза болгон чоң энесинин буюмдары болсо керек деп ойлоп караса, ар биринин салмагы 1 килограммдан болгон эки куйма алтын болгон.

Карантин бүткөн соң табылганы алып үй-бүлө экспертке барышкан. Эксперт куйма чын эле алтындан экендигин тастыктап, ал 1967-жылы эле алынганын айткан.

Учурда алтынды аукционго коюу пландалып, аукцион 16-июнга белгиленген. Сатуу иштери боюнча комиссар Филипп Руяктын билдиришинче, 1 куйма алгач 43 миң евро турса, азыр баасы көтөрүлүп, 52 миң долларга өскөн. Июнда баа дагы 54 миңге көтөрүлүүсү мүмкүн деп билдирген адис.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
rola
2020-05-20 21:09:14
Кыргызстанда таап алган экен деп шашып окупмун.Жакшы жанылык экен.
+25
Dushabolna
2020-05-20 22:36:01
Эхх кандай кымбат э. Окунучтуу ушундай байлыкты биз кимдерге алдырып жатабыз.
+13
Jeltelmen.99
2020-05-20 23:20:22
2кг 110мин евро болсо а Кыргызстандагы чыгарылып кетип жаткан тонналаган алтын канча миллиярдаган акча болду экен? Шорун кургур кайран эл!
+19
Firdaus-Muslim
2020-05-21 00:59:17
Булго эки килограмм алтын экен, А биздин Кыргызстандан тонналаган куйма алтындар кетип жатбайбы Канадага.
+8
kechirmeni
2020-05-21 08:42:48
Суперчилер да атайын жазбайт да каерде экен деп кызыгып кирсин деп
+1
Usow
2020-05-21 14:23:06
Эээээх!!!!
0
Dikowka93
2020-05-21 14:40:01
Ээх окунучтуу Кыргызстан дан чыккан эсепсиз алтындар канчага бааланып жатат экен кимдер озурун коруп жатышты экен
0
kulundu.89
2020-05-21 15:08:38
Ии Франциядабы ушул алтын Кыргызстанда табылып калбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан