ТИМ башчысы Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчисин кабыл алды

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэньди кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кытайдагы коронавирус инфекциясынын пайда болушуна байланыштуу Чыңгыз Айдарбеков кытай элин чын дилинен колдоорун билдирди. Ошондой эле кытай тараптын колдонуп жаткан чараларын толугу менен колдоого алды, жаӊы типтеги коронавирус тарабынан козголгон пневмония эпидемиясы менен күрөшүүгө багытталган Кытай Өкмөтүнүн аракетин жогору баалады. Аны менен бирге Кытайда убактылуу же туруктуу жашаган Кыргыз жарандарына маселелерди чечүүдө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө андан сырткары 2019-жылдын июнунда Кыргыз өлкөсүнө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн лидерлери тарабынан жетишилген конкреттүү келишимдерди ишке ашырууга байланышкан эки тараптуу кызматташуунун айрым маселелери дагы талкууланды", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
murat17
2020-02-01 19:15:48
бул кытай менен жон жолукпады ХХХХ
+4
Jaznura
2020-02-02 07:41:39
murat17,пессимист
-1
Alimbek1000
2020-02-01 19:20:06
Абайлаңыз коронвирус жугуп калбасын) Маска тагынып жолугуш керек болчу)))
+3
chake
2020-02-01 19:27:23
бул боюнча өтө чочууло болуп жатат дүйнө элинде бизге келбей эле турсун кытай туугандар
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан