Бишкектеги бала бакчалардын 6 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлап, учурда бала бакчаларды ачууга даярдык көрүлүп жатканын билдиришти.
"Республиканын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык кызматкерлери ишин баштаганга чейин коронавирус инфекциясынын бар же жок экенин аныктоо үчүн ПЦР-диагностикадан өтүшөт. Бала бакчалардын кызматкерлерине лабораториялык диагностика жүргүзүү мүлк формасына карабастан акысыз болот. Бүгүнкү күндө 6 кызматкерден коронавирус табылды.
Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору республикадагы бала бакчалардын балдарды кабыл алуусу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп, санитардык жазма буйруктарды беришүүдө. Шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери балдарды кабыл алуу үчүн тиешелүү бекитилген алгоритмдин негизинде уруксат беришет", - дешти штабдан.