Республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктурган медициналык кызматкерлердин саны дагы 4кө өстү. Мындай статистиканы саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берип жатып кабарлады.
Сутка ичинде 4 медкызматкерден вирус аныкталды. Ал эми 2 кызматкер стационарлардан чыгарылды.
Республика боюнча жалпы 270 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталып, алардын ичинен 223ү айыгып, стационарлардан чыккан.