Улуу Британияда 50дөн жогору курактагы жарандарга коронавируска каршы вакцинанын 3-дозасы менен эмдөө сунушталды. 3-эмдөө ушул жылдын күз айларында башталмакчы. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Андагы маалыматка ылайык, буга чейин эмдөөнүн 2 дозасын алган 50 жаштан жогору курактагы жарандарды 3-жолу эмдөө менен Жаңы жылдык майрамдоолор астында вирустун жайылуу ыктымалдуулугу төмөндөйт деп айтылат. Эмдөөгө өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Крис Уиттин көзөмөлү менен 2 вакцина сыноодон өтүп жатат. Ал коронавирустун жаңы аныкталган штаммдары менен күрөшүүгө багытталган. Ошондой эле Pfizer/BioNTech, Moderna жана AstraZeneca вакциналары менен эмдөө дагы каралган.