Бүгүн, 21-май күнү Оренбург облусунун Бузулук районунан мекенине келе албай, талаада калган жарандар мекенине сапарга аттанууда. Бул тууралуу аталган аймакта жүргөн ырчы Гүлзат Мамытбек SUPER.KG порталына билдирди.
"Буюрса, бүгүн эки айдан бери талаада жаткан мекендештерибиздин маселеси чечилип, Кыргыз өлкөсүнө автобустар менен сапар алууга аттанууда. Биз максатыбызга жеттик. Эми айдоочулардын унааларын мекенге жеткирүү маселесин чечиш керек болуп жатат", - дейт ырчы.
Эске салсак, кечээ, 20-май күнү Оренбург-Бишкек чартердик каттамы уюштурулуп, 164 адам мекенине жеткирилгени маалымдалган.