Ырчы Аваз Акимов “Студентмин” аттуу жаңы ыр жаздырды. Ырдын сөзү Акбар Кубанычбековго, обону аткаруучуга таандык. “Өзүм студент болгондуктан, ушул темага токтолдум. Студент болгон абдан жакшы да. Кичинекей болсоң деле, жашың өтүп калса деле студент болууну самасаң керек. Ошондуктан студенттер бийлегенге ылайыктуу кылып бул ырды ырдап чыктым”,- деди Акимов. Ошондой эле ырчы бул ырга клип тартыларын кошумчалады.