Коронавирус пандемиясы дүйнөгө кулач жайганына байланыштуу өлкөлөр чек араларын жабышкан. Ага байланыштуу биздин мекендештерибиз да жер-жерлерде Кыргыз өлкөсүнө кайта албай калышты. Алардын бири учурда Индияда жашап жаткан Фарида Лансарова. Фарида Фейсбук баракчасына Индияда калган мекендештер тууралуу, алардын абалы тууралуу жазып калтырган.
"COVID-19 вирусу даярдыксыз учурда дүйнөнү каптап калды. Мен өзүмдүн кичинекей ишимди кеңейтейин деп пландап жаткам. Жыйынтыгында башка өлкөдө калып кеттим. Индияга кимдир бирөө дарылануу үчүн, кимдер бирөө окууга, эс алууга, кимдир бирөө төрөгөнгө келген. Карантин жарыялаган учурда биз, активисттер чогулуп, өлкөдөн чыга албай калгандарды колдоо максатында ысык тамак уюштуруп баштаганбыз. Бул иш-чараны 29-марттан баштадык.
Индияда КМШ өлкөлөрүнөн 250-300 жаран бар. Азыр бул жакта күн ысып баштады, +47 градуска жетүүдө. Шаар жана штаттар арасында чек аралар жабык. Өлкөдөн чыга албай калгандардын дээрлик көпчүлүгү кымбат билеттерди сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок жалгыз бой аялдар, балалуу аялдар жана улгайгандар. Ал эми билеттердин баалары абдан кымбат, биз миллиардерден бетер. Жаңылыктардан көрүп жаткан маалыматтардан улам кайсы жерде болсом, ошол жакта калып турганым жакшы окшойт деп ойлоп калдым. Анткени мен Делиге барып, андан үйгө жетүү үчүн коронавирусту жуктуруу коркунучу чоң.
Бизде карантин. Карантиндин шарттары катаал, ар бир штат өзүнчө эрежелерди киргизген. Мен жашаган шаарда эртең мененки саат 07:00дөн саат 10:00гө чейин бет кап менен гана азык-түлүк алууга же дарыканага барууга уруксат. Албетте, аралыкты, коопсуздук эрежелерин сактоо керек.
Биздин шаардагы иче турган суу баарына жага бербейт. Жергиликтүү тургундар менимче, сууга көнүп калышкан. Мен жана мага окшогондордун суудан жүрөгү айланат, ичи ооруйт. Андыктан бөтөлкөдөгү сууну алып же фильтрленген суу бар жерлерди табуу керек болот. Бирок ал жакта суу канчалык таза, аны так билбейм. Биздин топтогу бир аял апрелде төрөдү. Индияда... Биз аябай сар-санаа болдук жана муктаж адамдарга болгон жардамыбызды, колдообузду көрсөтүп жатабыз. Эл арасынан бирөө каза болду, бирок вирустан эмес.
Карантин узартылууда...
Алгачкы күндөрү биз өз күчүбүз менен жардам чогултуп жаттык, бир учурда бизди жергиликтүү фонд колдоду. Азыр болсо бизге жардам керек. Бир күндө тамак-ашка керектелүүчү азыктарга орточо 2000-2500 рупий (26-30 доллар) керектелет. Элде тамакты сактоо үчүн муздаткыч болбогондуктан, аздан алууга туура келет. Тамакты жасоого ар кимдин шарты туура келе бербейт. Көпчүлүгүндө жашоого каражаты жок.
Айрым өлкөлөр жарандарга каржылык жардам көрсөтүүдө. Бирок аны алуу үчүн тозоктон өтүү керек.
Вирус күтүүсүздөн каптап калганы түшүнүктүү. Анын айынан жумушунан, каражаттан, жакындарынан, туруктуулуктан айрылып калгандар көп. Мындай абалда эмне кылуу керек? Биригип, бири-бирибизге жардам көрсөтүүбүз керек.
Биз, Индияда калган адамдар, баарыңыздарга кайрылабыз! Сураныч, бизди колдоп, чек аранын ачылышына чейин бизге күч-дем каалап коюңуздар!"