Бир суткада 4 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жалпы коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 221ге жетти.
Алардын ичинен 154 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.