Украинанын Тернопол облусунун жашоочусу эки жолу коронавирус менен ооруп айыккандан кийин, үчүнчү жолу дагы жуктуруп алды. Бул тууралуу облустук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Владимир Богайчук жергиликтүү басылмаларга билдирген.
"Бизде коронавирус менен үчүнчү жолу ооруп калган бейтап бар. Биз коронавирус менен ооруган адам дагы да болсо бул коркунучтуу оору менен ооруй бере тургандыгын түшүнүшүбүз керек", - деген Богайчук.
Июнь айынын ортосунда Украина бийлиги коронавирустун экинчи толкуну башталганын жарыялаган. Премьер-министр Денис Шмыгаль мекендештерин Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштарын аткарууга чакырган.
Мындан тышкары, Украина өкмөтү карантинди 31-июлга чейин узарткан.
Акыркы маалыматтар боюнча бул өлкөдө жалпы 71 миң 390 адамдан коронавирус аныкталды. 1 миң 717 адам каза болсо, 39 миң 925 бейтап айыгып чыкты.