Ошто Кыргызстандын колонияларындагы жашоону чагылдырган сүрөт көргөзмөсү болот
Ош облустук көркөм сүрөт музейинде 9-13-сентябрь
күндөрү Кыргызстандын колонияларындагы жашоону чагылдырган сүрөт көргөзмөсү болот. Бул
иш-чара ЖАМКнын колдоосу менен уюштурулмакчы. Француз сүрөтчүсү
Эрик Гурландын эмгегинен турган көргөзмө саат 17:00дө ачылмакчы. Маалыматка
ылайык, ал 2 жума балдардын, аялдардын жана эркектердин 2 колониясында болгон.