Бүгүн, 23-май күнгө ишемби. Демейдегидей эле эртең менен Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска байланыштуу сутка ичиндеги жаңы жагдайларды айтууда. Маалымат берүү үчүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингге келген.
"Чет өлкөдөн мекендештер бир унаа же учак менен келип жатат. Келгенден кийин 50-60 адамдан оору аныкталууда. Аларды транспортко отургузардан мурун анализ алып, текшерсе болбойбу?" деген суроо берилди.
"Ооба, туура маселе айтылып жатат. Биз бул маселени карап жатабыз. Айрым шаарларга гана лабораториялык текшерүүлөрдү жүргүзө алабыз. Бардык өлкөлөргө коюу татаал, бирок биз келе жатканда оорунун жайылышынын көрсөткүчү төмөндөшү үчүн бардык аракеттерди карап жатабыз. Маселен, Орусиянын айрым шаарларынан мекендештерди жөнөтүүдө мобилдик лабораторияда текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү", - деди Нурболот Үсөнбаев.
"Миңдеген мекендештерибиз чет өлкөлөрдө оор абалда калып жатышат. Алып келүүгө аргасыз болуп жатабыз. Көбүнчө илдет ошол чет өлкөдөн келген адамдардан аныкталууда. Бирок оору келет деп таштап коюу да туура эмес. Алар оор шартта, талааларда жашап калган үчүн ооруну жуктуруп алышкан болууда. Айрымдарынын такыр шарттары жок болгондуктан, обсервацияларга аягына чейин кармап туруп жатабыз.
Соль-Илецк, Санкт-Петербургдан алып келингендерден оору көп аныкталды", - деди министрдин орун басары.
"Биз эпидемиологиялык абалды жөнгө салып келдик. Аны киргизбесек эмне болмок айтуу кыйын, себеби карантин киргизилбеген өлкөлөрдө оорулардын саны 100 миңдеп катталды. Мен ойлойм, биз бул боюнча туура чечим кабыл алганбыз, ошол себептен оору көп жайылган жок. Эгер эрежелерди сактабасак, бул көрсөткүч он эселеп көп болмок", - деди Үсөнбаев.
Министрдин орун басары Орозо айт күндөрүндө байланышты азайтууга чакырды.
"Аралык сакталбагандыктан, адамдар бири-бири менен көп байланышып, талаптар сакталбай жатат. Буга байланыштуу алдыдагы Орозо айт майрамында мүмкүн болушунча элге аралашууну азайтууга чакырам".
Нарында жалпы 242 адам ооруну жуктурду.
"Биздин министрликтен дагы кызматкерлер облуска кеткен болчу. Алар айтып жатат, аталган облуста тыгыз байланыштар орун алууда. Аралыкты сактоо эрежелери сакталбай жатат.
Облустук төрөтканадан 2 келин төрөп чыккан экен, байланышта болгон 11 адамдан оору аныкталган. Андан кийин алар менен байланышта болгон дагы алты адамдан да оору аныкталды", - деди Үсөнбаев.
Өлкө аймагында коронавирус менен ооруп, ооруканада жаткандардын ичинен 11 адамдын абалы оор. Алардын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө.
Акыркы сутка ичинде медицина кызматкерлери арасында коронавирус аныкталгандар жок. Ал эми стационарлардан 2 медицина кызматкери сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 273 медицина кызматкери аныкталды. Алардын ичинен 226сы стационарлардан айыгып чыккан.
Коронавирус дагы 15 адамдан аныкталды. Алардын ичинен 10у сырттан келген жарандар.
Бишкек шаары – 3 + 9 Санкт-Петербургдан келгендер;
Чүй облусу – 1;
Ош облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 1.
Муну менен өлкөдө аталган ооруну жугузгандардын жалпы саны 1365.
Сутка ичинде коронавирус менен ооруган 8 бейтап илдеттен айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Алар:
Бишкек шаары – 4;
Нарын облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 1;
Ош облусу – 1.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 957 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.