Өткөн сутка ичинде коронавируска каршы эмдөөдөн 1 миң 797 адам өттү. Анын ичинен 543 адам биринчи дозаны, 1 миң 254 адам экинчи дозаны алышты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жалпы эмдөөдөн өткөндөр: 1-доза менен 681 миң 78 жаран эмделсе, 2-дозаны 445 миң 231 адам алды.
Өлкөдө коронавируска каршы Синофарм, Спутник-V, Астра Зенека вакциналары колдонулууда. Калкты массалык эмдөө кампаниясы 11-июлда старт алган.