25-майдан баштап Бишкекте кайсы тармактар иштейт жана кандай талаптарды аткарышы керек?

Карантин учурунда иштеген ишканалардын кызматкерлери Салык органы тарабынан берилген уруксат кагаздары менен иштешти. 11-майдан 22-майга чейин мындай уруксат кагазды 54 миң адам алганын шаар мэри Азиз Суракматов айтты.

Ошондой эле ал 25-майдан тартып ишке кире турган тармактарды айтып, алар сактоого тийиш болгон талаптарга токтолду.

1) Соода аймагы, кийим базарлары;

Базардын администрациясы ага келген адамдардын ортосундагы аралык 1 жарым, 2 метрден болушун камсыздашы керек. Ошондой эле баш аламан соодага жол бербөө зарыл. Өтмөктөрдүн ортосунда дагы аралыктар сакталышы кажет.

2) Коомдук тамактануу жайлары, анын ичинде жайкы кафелер 50 орундан ашпаган ресторандар иштей баштайт;

Администрациялары ага келген коноктордун отурган столдорунун аралыктарын 1 жарым, 2 метрден кылып жайгаштырышы керек. Бир столго 4 адамдан көп киши отурууга болбойт. (Эгерде төрттөн көп адам бир үй-бүлө мүчөлөрү болсо уруксат берилет) .

3) Театрлар, музейлер, галерея, көргөзмө залдар, китепканалар, маданий агартуу мекемелер кайрадан ишке кирет;

4) Коомдук транспорттук кызматтар;

Бул учурдагы талаптар - айдоочуларда сөзсүз түрдө бет кап, кол кап, жанында антисептикалык каражат болушу керек. Унаага кире бериш жерге санитардык тазалоочу каражаттар турушу керек. Ар бир каттамдан кийин унааны дезинфекциялоо талапка ылайык. Транспортто да жүргүнчүлөр аралыкты сакташы керек.

5) Спорт залдар, машыгуучу залдар, фитнес клубдар жана бассейндер.

Ден соолукту чыңдоо борборлорунун администрациясы жана кардарлары төмөнкү санитардык нормаларды сактоого милдеттүү. Жабдуулар 1 жарым метр аралыкта жайгашышы керек, күнүнө бир нече жолу профилактикалык дезинфекция жүргүзүү, кызматкерлердин жана коноктордун дене табын байланышсыз өлчөөнү уюштуруу, кызматкерлерди жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу. Бассейндер 1 кишиге 10 чарчы метр аянтты берүүсү шартка ылайык. Ижарага буюмдар берилбейт.

Шаар мэри ишке кирген ишканалар аларга келген адамдардын тизмесин так түзүү керектигин да белгиледи. Бул тизме 4 апта мекемелерде сакталып турууга тийиш.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Merelisha
2020-05-23 12:39:20
Транспортто жылдагыдай тердеп бышып тыгында журбойт экенбиз да -деп элестетип койдум.
+1
-BOSS-
2020-05-23 13:46:32
Башкасын билбедим го, базарда 1.5 метр аралык сакталбайт эч качан, базардагы адамдар кийим кечени көрүп эси ооп бири-бирине жакын боло берет, базар базарлыгын кылат короче.
+9
vikidiki
2020-05-23 14:54:01
Ошондо региондон каттаган маршруткалар Качан чыгат?
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан