Орусияда сутка ичинде 71 адам коронавируска кабылды. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Анда жазылгандай, сутка ичинде 71 адам коронавирусту жуктуруп алгандыгы аныкталган. Бул тууралуу премьер-министр Михаил Мишустин кабарлаган.
Азыркы тапта Орусияда жалпысынан 438 адам вирус менен жабыркап жатат. Жаңы катталган бардык учур Москвада катталган.