Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 2, пневмониядан 45 бейтап каза болду. Бул тууралуу кооомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде айтты.
Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.
Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (58 жаштагы эркек киши жана 67 жаштагы аял киши).
Жалпы каза болгондордун саны 147 кишини түздү.
Бир сутка ичинде пневмониядан 45 бейтап каза болду. Алардын ичинен 23 адам республика боюнча жана Бишкекте 22 адам.
Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 497ге жетти.