Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 8 миң 599 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 153 адам каза болсо, 5 миң 363 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 2 миң 516;
Москва облусунда - 862;
Санкт-Петербург шаарында - 384;
Нижегород облусунда - 221 адам жана калгандары башка аймактардан.
Орусиянын 85 аймагынан жалпы 344 миң 481 адамдан инфекция аныкталды. 3 миң 541 адам каза болсо, 113 миң 299 бейтап айыгып чыкты.