Өлкө боюнча акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 адам;
Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 адам;
Аксы райондук ооруканасынан - 1 адам;
Токтогул райондук ооруканасынан - 1 адам;
Лейлек райондук ооруканасынан - 1 адам;
Ош облустук ооруканасынан - 1 адам.
Бардыгы болуп өлкө боюнча 173 адам коронавирустан каза болду.