"Бул киши мындай ооруга, мындай окуяга туш боло турган адам эмес эле". Мукар Чолпонбаевди замандаштары эскеришет

Бүгүн, 24-майда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында 70 жашында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болгону маалымдалган. Анын дүйнө салганына байланыштуу азыркы тапта саясатчыны замандаштары, санаалаштары эскерип жатышат.

Легендарлуу парламентте Мукар Чолпонбаевдин тушунда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматын жетектеп иштеген жазуучу Качкынбай Осмоналиевдин кызы Ырыс Осмоналиева маркумду эскерип, төмөнкүлөрдү айтып берди. Айтымында, Чолпонбаев эгемендүү мамлекеттин баш мыйзамы иштелип чыгып жатканда ага эң алгачкылардан болуп салым кошкон.

"Мен ал учурда саясий комментатор болуп радиодо иштеп жүрчүмүн. Ошондо Мукар Шалтакович эгемендүү мамлекеттин жаңы баш мыйзамы иштелип чыгып жатканда эң алгачкылардан болуп аны жазууга салым кошкон. Кийин ал мени көрүп "парламентке келип, басма сөз катчы болуп иштеп бер, парламентти бутуна тургузалы" деп сунуштап калды. Анан эле радиодон кетип, парламентте иштеп калдым. Алгачкы мени парламентке жумушка алган киши да Мукар Шалтакович болду. Чынында ал аябай билимдүү юрист эле.

Ал учурда парламентте эң күчтүү делген 35 депутат иштеп, мыйзам чыгаруучу палата да абдан күчтүү болду. Анда Өмүрбек Субаналиев, Данияр Үсөнов, Октябрь Мусулманкулов, Ишенбай Кадырбеков жана башка өз кесибиндеги чыныгы адистер иштечү. Чынында ал учурдагы палата өтө күчтүү болчу. Эң биринчи эгемендүү республиканын мыйзамдарын алар талаш-тартыш, келишпес пикирлер, укмуш кызыктуу талкуулар менен иштеп чыккан. Ал жылдар 1995-жылдар болчу. Бирок Мукар Шалтакович аягына чейин иштей албай калды. Чынында ал күндөрдү муунум бошоп, аябай башкача эстеп жатам. Ыйманы саламат болсун, ичим аябай ачышып жатат", - деп эскерди Осмоналиева.

Ал эми журналист Канышай Мамыркулова Мукар абаны алып кеткен ажалды жек көрөм деп, буларга токтолду.

"Мукар Шалтакович менен жердеш катары, укук тармагында эң алдыңкы сапта турган юрист катары, Жогорку Кеңештеги парламентаризмди түптөгөн адамдардын сап башында турган замандаш катары жакшы таанып, сыйлачумун. Албетте, бул күтүлбөгөн окуя болуп кетти.

Бул киши мындай ооруга, мындай окуяга туш боло турган адам эмес эле. Албетте, бул дүйнө жүзүн каптаган оору экен, айла, арга жок. Жакындарына, туугандарына, жубайына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөм. Жаткан жериңиз жайлуу болсун, улуу күндө узаган экенсиз, кабыргабыз кайышып турат. Карайлаган оору карайлатып кеткен экенсиң, жек көрөм сени", - деп эскерет Мамыркулова.

Мукар Чолпонбаев 1950-жылы 29-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Өрүктү айылында туулган.

Белгилей кетсек, Мукар Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган. Кийинчерээк бейтапты дарылоо оор өтүп жатканы тууралуу айтылган.

Көп өтпөй Мукар Чолпонбаевдин жубайы да коронавирус жуктуруп алганы маалым болуп, анын Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк медициналык борборунда иштегени айтылган.

Ал эми кечээ, 23-майда Мукар Чолпонбаев коронавирустан айыкканын анын кызы Нуриля Чолпонбаева социалдык баракчасына жазып чыккан.

"Атамда эми коронавирус жок. Биз илдеттин кесепеттери менен күрөшүп жатабыз. Абалы орто, жасалма дем алдыруучу аппарат аркылуу дем алууда. Тамактанып калды. Жакшы болуп баратат. Эми убакыт гана керек", - деген ал атасы тууралуу билдирүүсүндө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан