"Ухан вирусу":Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 750 миңден ашты

Бүгүн, 14-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 20 миллион 778 миң 947 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 12 миллион 935 миң 209 бейтап айыгып чыкса, 753 миң 283 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 248 миң 678 адамдан коронавирус аныкталды. 167 миң 97 адам каза болсо, 1 миллион 774 миң 648 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 3 миллион 164 миң 785 адамдан аныкталды. 104 миң 201 адам каза болсо, 2 миллион 520 миң 187 бейтап айыкты.

Ал эми Индия үчүнчү орунга чыгып, анда 2 миллион 396 миң 637 адам вируска кабылган. 47 миң 33 адам көз жумса, 1 миллион 695 миң 982 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан