Түштүк Кореяда бир суткада 34 адамдан коронавирус аныкталды

Түштүк Кореяда бир суткада 34 жарандан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акыркы 3 аптада вирус катталгандардын саны 10го чукул болгон.

"Вирус жуктургандардын саны 14ү Сеулда, алтоо Кёнгидо провинциясында, үчөө Инчхон, ал эми экөө Тэгу шаарында. 1-майдан 2-майга караган түнү 29 жаштагы жарандан вирус аныкталган. Бирок ал бир канча түнкү клуб жана барга барган. Мындан улам ал болжолдуу түрдө 2 миңге жакын адамга вирус жуктурган. Алардын 27синен коронавирус аныкталды", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан