Эстрада ырчысы Курал Чокоев ырчылар тууралуу элдин пикири туура эмес экенин айтып чыкты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу катталуучулары менен маектешкен учурда билдирди.
Анда ырчы "бир чыны чай ичкиче сиздер менен ачык сүйлөшкүм келди" деп баянын баштаган.
"Бир аз маанай түшүп турат. Себеби карантин башталгандан бери биздин дарекке ар кандай сөздөр айтылды. Алардан эмнеге жардам бербейсиңер, кыргыздын тоюна барганда тонналап акча аласыңар, бай жашайсыңар, элге жардам бербейсиңер деген сыяктуу терс билдирүүлөрдү алдык. Кээ бир активисттер чыгып, маанайыбызды түшүргөн учурлар да болду. Биз артисттер элден эле чыккан адамдарбыз, силер ойлогондой бай эмеспиз, биз дагы акырындап оокат кылабыз.
Анткени биз мамлекеттин акчасына кол салып, аны менен жашаган жерибиз жок. Өз эмгек, маңдай тер менен оокат кылып келе жатсак дагы сөзгө калып жатабыз. Бирок колдон келишинче сыртка чыгып жардам бердик, кайрымдуулук иштерди жасап жатабыз. Азыр дагы жарамазан айтып, муктаждарга мектеп куруп берели деп иш баштасак ага дагы "силер сагалап, жугунду издеген иттердей болуп жүрөсүңөр" деп жаман пикир айткандар пайда болду. Бирок туугандар, андай эмес, биз жугунду издеген жокпуз. Биз элге жардам берели, муктаж балдарга мектеп салып берели деп аракет кылып жүрөбүз. Чогулган акчанын баары ошол жакка сарпталат", - деп айтып, ал өз жашоосу менен тааныштырган.
Ырчы жашап жаткан үйүнүн ичин, оокаттарын көрсөтүп, батирде турганын билдирген. Курал Чокоев, албетте, булардын баарына ыраазы экенин айтып, абалды түшүндүрүп берген. Учурда Чокоевдин видеодо айткан сөздөрү кызуу кепке алынып жаткан чагы. Ал жасалмалуулуктан тажаганын билдирип, бар жашоосу ушул экенин, көп жылдыздар жашоосун жасалма көрсөтө турганын жар салды.
Видео чыгары менен ырчынын кесиптеши, телеалпаруучу, актриса Назира Айтбекова аталган окуяга жеке пикирин кошту. Айтбекова анда Чокоевди колдой турганын, анын пикири туура экенин төмөнкүчө түшүндүрүп берген.
"Куралдын ырчылар бай эмес деген видеосу жакты абдан. Биз артисттер бири-бирибиздин жашоо-турмушубузду билебиз да. Сырттан көргөн адамдар укмуш, жыргал жашоо, бай жашоо ушулардыкы дешет. Чет өлкөдө болгондур. Бизде андай жок. СССРдин Эл артисттери бир бөлмөлүү жатаканада жашашат. Белгилүү, беделдүү актёр, актриса эжелер он миңге жетпеген айлык акы алышат. Бирок тырбалаңдап, тигил жакка чуркап, бул жакка чуркап бирдеме кылып жүрөбүз. Мамлекеттен "келе" деген жерибиз жок. Жардыбыз. Анан оңдуу унаа айдап калсак, аны аябай кыйкырып мактанабыз. Оңдуу үйдө жашап калсак, аны аябай түз эфирге чыгып алып жар салабыз.
Оңдуу көйнөк кийсек, кайра-кайра басабыз. Көрбөгөндүн көргөнү курусун! Анан эмне кылабыз? Курал экөөбүзгө окшогондор тапкан ташыганын алгач ата-энебизге чаптайбыз. Алар оңдуу үйдө жашасын, жөө баспасын дейбиз. Өзүбүз эптеп бир бөлмөлүү батир алып жашайбыз. Бирок өлө бактылуубуз. Жүрөгүбүз тынч. Ата-эненин карызынан кутулуп аткандай. Анан эле эл сенде жокпу дешет. Ылайым болсун, оозуңарга май! Өткөндө бир ырчы батиринин акчасын төлөй албай атканын жазды эле. Айрым адамдар "сооп болот" деп аябай ичиндеги кусундусун төгүшүптүр. Коррупционерлерге төккүлө да ызаңарды! Ырдап анан сүйлөп алган акчабызда эмне айып?", - деп жазды Айтбекова.