Кытайда бир суткада 11 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 82 миң 985. Анын 78 миң 268и айыгып, ооруканадан чыгарылган. 4 миң 634 бейтап каза болгон. 83 адам медициналык көзөмөлдө жатат.